Алайда “Кара-Мык” чек ара заставасынан жоголгон жоокерди издөөгө Тажикстандын чек арачылары кошулушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин билдиришинче, аңчылыкка чыгып кетип дайынсыз жоголгон катардагы жоокер Бексултан Баардиновду издөө иштери уланууда. Бүгүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери менен тажик тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот.
Эскерте кетсек, жоокер 23-августтан бери изделип жатат, бирок натыйжа боло элек. Мамлекеттик чек ара кызматы жоокердин өз алдынча аңчылыкка чыгып кетип жоголгонун айтууда. "Жоокер кызмат өтөп жаткан жеринен автоматчан качып кеткен" деген да версия бар.