Бишкектеги "Жеңиш" аянтынын жана "Айчүрөк" борбордук универсалдык дүкөнүнүн жанына жер астындагы ири унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек башкы архитектурасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, шаардын борборунда унааларды токтотуу жайларына муктаждыгынан аталган план сунушталган. "Бул маселе 2014-жылдын 12-июнунда Шаар куруу кеңешинин отурумунда каралып, жактырылган. Жер астындагы унаа токтотуучу жайлар 3 кабаттуу болмокчу. Унаа ээлери үчүн лифттер орнотулат",- деп билдиришти мекемеден.