Бүгүн, 11-декабрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 700 миң сомдук маалымат база серверин берди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, жабдыктын жалпы эске сактоо бөлүмү 10 терабайтты түзөт. Сервердин келиши менен саламаттыкты сактоонун заманбап электрондук технологияларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аталган жабдык маалыматтык коопсуздуктун жана эл аралык маалыматтык стандарттардын саясатын түзүүгө жардам берет.