Максат Сабиров өкмөт мүчөлөрүнө "бюджетте акча жок дегениңер менен, акчалар чөнтөккө түшүп жатат" деди

Жогорку Кеңеште 2014-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Депутаттар бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн кемчиликтерин айтышууда. Депутат Максат Сабиров бюджетке түшчү каражат мамлекеттик кызматта иштегендердин жеке чөнтөгүнө түшүп жатканын айтты. "Азыр бир мекемеден бир маалым катты (справка) акча төлөбөсөң ала албайсың, сөзсүз 1000 же 2000 сом бересиң. Ал акчалар бюджетке эмес, жеке чөнтөккө кетип жатпайбы. Өкмөт эмнеге бул маселени карабайт?"- деди депутат.

Андан сырткары ал өкмөткө бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам долбоорун ачык жазып келүүнү сунуш кылды. "Эки том болуп жазылып келген долбооруңарды кээ бир депутаттар алдында бир ай турса да карап чыкпайт. Кыскача, түшүнүктүү кылып жазып келбейсиңерби",- деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан