Кыргыз Распубликасынын Премьер-министри Темир Сариев 2-январда Токтогул гидроэлектростанциясында өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө "өлкөнүн жалпы ГЭСтерин баскыч-баскычы менен реконструкциялоодон өткөрүү зарыл" деп билдирди.
"23-декабрда өлкөнүн ири ГЭСинде авария орун алды. Учурда энергетиктер күнү-түнү авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иш жүргүзүшүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө оңдоо иштерин жыйынтыктоого ниеттенип жаткан энергетиктерге ыраазычылык билдиргим келет. Ал үчүн зарыл нерселердин баары бар, каржы, жабдыктар жана жогорку деңгээлдеги адистер жетиштүү. Токтогул ГЭСиндеги авариянын орун алышы республиканын аймагындагы ГЭСтердин жабдууларын модернизациялоого учур келип жеткендигинен дагы бир ирет кабар берет. Бул иштерди мындан 15 жыл мурда аткаруу керек эле. Жарактан чыккан кабелдердин иштөө мөөнөтү 25 жылды түзсө, алар 40 жылдан ашуун иштетилген, натыйжада алар моралдык жактан эскирип, жарактан чыккан",- деп белгиледи Темир Сариев.
Премьер-министр энергетиктерге комиссия түзүп, жалпы ГЭСтердин техникалык абалын комплекстүү иликтеп чыгууну, тийиштүү учурда аларды баскыч-баскычы менен реконструкциялоодон өткөрүү планын бекитүүнү тапшырды.
"Тез арада кичи ГЭСтерди курууга тендер жарыялоо зарыл. Март айында Кара-Кечедеги кенди өздөштүрүү жана жылуулук станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тендер жарыялоону пландаштыруудабыз. Натыйжада биз келечекте социалдык объектилерди акырындык менен газ жана көмүргө өткөрүүгө мүмкүндүк алабыз. Эң башкысы, калкыбыз жылдын бардык мезгилинде үзгүлтүксүз электр менен камсыздалат",- деди Темир Сариев.
Энергетиктер менен өткөн жыйын учурунда өкмөт башчы Казакстан Республикасы менен 100 мегаватт электр энергиясын импорттоо тууралуу келишим түзүлгөндүгүн билдирди. "Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын кошумча кубаттуулуктарын өндүрүүгө муктаждыгын эске алуу менен тийиштүү мамлекеттик органдар Орусия менен Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишимдерди денонсациялоо алкагындагы процедуралык маселелерди чечүүнү тездетүүсү зарыл",- дейт өкмөт башчы.