“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 31-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам Салык кодексине жана “Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизет жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө болуусунун шарттарында сатуудан салыкты этап-этап менен жоюу жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын салык системинин атаандашуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Алсак, 2016-жылдын 1-январынан тартып товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоодон жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатууга салынган салык алынып салынат. КНС боюнча каттоо чеги 2 эсе көбөйтүлгөн (4 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин).
Ошол эле учурда 2016-жылдын 1-июлунан тартып сатуудан салыктын төмөндөгү ставкалары бекитилет: КНС салынган жана (же) төлөнгөн КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:
а) накталай 1 пайыз өлчөмүндө – соода ишмердиги үчүн жана башка ишмердик үчүн – 2 пайыз;
б) накталай эмес формада 0 пайыз өлчөмүндө.
Сатуудан салык ставкасы банктар үчүн 2 пайыз жана уюлдук байланыш тармагындагы ишмердүүлүк үчүн 5 пайыз каралган. Мыйзамда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда накталай төлөнгөндө жөнөкөйлөштүрүлгөн систем боюнча бирдиктүү салыктын ставкалары эки эсе төмөндөтүлгөн. Ошону менен бирге тамак-аш жана айыл чарба азыктарын кайра иштеткен өнөр жай ишканалары үчүн колдонуудагы киреше салыгы жана КНС боюнча жеңилдиктер 2018-жылдын 1-сентябрына чейин сакталат.
Мыйзам 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген айрым ченемдеринен башкалары 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.