Өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги уюлдук операторлордун абоненттерине 2016-жылдын 31-январына чейин SIM-карталарды каттоо процедурасынан өткөрүү керектигин эскертүүдө. Өкмөттүн 2014-жылдын 17-февралындагы токтомуна ылайык, көчмө радио-телефон байланыш операторлору кат жүзүндөгү келишим түзгөн колдонуучуларга гана кызмат көрсөтүүгө тийиш. 2016-жылдын 1-февралынан тартып каттоодон өтпөгөн бардык колдонуучулар байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнөн ажырай турганы айтылды.
Маалыматка таянсак, 2015-жылдын декабрь айынын башында каттоодон өтпөгөн абоненттердин саны 354 миңди түзгөн.