Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 4-январда өткөн жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Талкуу жүрүшүндө ырасталгандай, аталган өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор сунушталууда.
Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү 469 миң жак бар. Алардын катарында ири ишканалар, жеке ишкердик менен алектенгендер, айыл жерлериндегилер бар. Отчёттуулук мезгилинде алардын эсебинде каражаттар табылган болсо, аларды ишкана өкүлдөрү тактап, актыга кол коюп беришет. Ошол учурда камсыздандыруу төгүмдөрү жана финансылык санкциялар боюнча төлөмдү кардарга тиешелүү эсептен чыгаруу усулу сунушталууда.
Талкууда депутат Рыскелди Момбеков эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору колдоого алынса, электр энергиясы боюнча төлөмдөргө келгенде да энергетиктер өз укуктарын тактап чыгышарын билдирди. Негизинен айтылып жаткан толуктоолордо “социалдык фонд сотко тиешелүү болгон укуктарды өзүнө ыйгарып алууда” деп депутат мыйзам долбоорун колдобостугун билдирди.
Ошондой эле мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү” мыйзамдын 56-беренесинин сот тарабынан берилген аткаруу документтеринин, соттун өкүмүнүн же чечиминин негизинде, ошондой эле кардар тарабынан таанылган карыздарды эсептен чыгарууга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарынын төлөм талаптарынын негизинде өндүрүү бөлүгүнө толуктоо киргизилүүдө.
Талкуу жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлери эске алынуу менен мыйзам долбоору четке кагылды.