Түркия Дүйнөлүк соода уюмуна жана дагы башка эл аралык инстанцияларга Орусиянын киргизген санкциялары үчүн арызданат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Түркиянын экономика министри Мустафа Элиташтын айтымы боюнча, алар Орусиянын эл аралык соода эрежелерин бузуп жаткандыгынын далилдерин чогултуп жатышат. Ошондой эле ал эл аралык соттордо жапа чеккен түркиялык ишкерлердин укуктарын коргоону ниет кылып жатышканын кошумчалаган. "Биз эл аралык соттордо жапа чеккендердин баарынын укугун калыбына келтиребиз... Соода адеп-ахлактын негизинде болуш керек",- деди министр.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Түркияга каршы экономикалык чектерди киргизген жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, Орусияда иштеген түркиялык компанияларга айрым иштерди жасоого чектөө киргизилген, ушул жылдын 1-январынан баштап Түркиядан Орусияга азыктар киргизилбейт. Ошондой эле Орусия Түркия менен визасыз режимди токтотуп, чартердик каттамдарды жокко чыгарган. Орусиялык жумуш берүүчүлөргө түрк жарандарын жумушка алууга тыюу салынган. Мындай санкциялардан Түркия экономикасы азык-түлүк жана туристтик секторлорунда зыян тартып жатат.
Түркиянын вице-премьери Мехмет Шимшек Анкара жооп кайтарууну каалабаганын жарыялаган. "Орусия биз үчүн маанилүү өнөктөш болгондуктан, мамилелерибиздин начарлашын каалабайбыз. Эң жаман дегенде Түркия болжол менен 9 миллиард долларга зыян тартат. Бул болгону биздин ички дүң продукциябыздын 0,3-0,4 пайызын түзөт. Сүйлөшүүлөр дагы да болот деген үмүттөбүз",- деген Шимшек.
Эске сала кетсек, Түркия Орусиянын Су-24 согуштук учагын атып түшүргөндөн кийин эки мамлекеттин мамилелери солгундады.