"Чөнтөгү калыңдар көмүр жаккысы келбесе, электр энергиясына өтүп, көбүрөөк төлөш керек". Мындай пикирин бүгүн, 5-январда радиоберүүдө премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясы боюнча туура тарифтик саясат жүргүзүү зарыл. "Бир убакта ишканалардын баары токтоп калып, элибизди электр энергияга өткүлө деп бийликтен тапшырма берилген болчу. Мектептердин, ооруканалардын баарын электр энергиясы менен жылытууга өткөрүшкөн, анткени Советтер Союзунда жөнөкөй керектөөчүлөрдүн үлүшү 30 пайызга жеткен эмес. Бүгүн болсо керектөөчүлөрдүн 50 пайызын эл түзөт. Ишканалар 30-40 пайызын түзөт. Учурда ишканалар жанданып иштей баштады, аларга кубаттуулук керек. Мындан улам ооруканаларды, мектептерди көмүргө өткөрүп жатабыз",- деди өкмөт башчы.
"Электр энергияга аяр мамиле кылуу зарыл. "Арзан жагам" дегендер көмүр жагыш керек. Андан кымбатыраагы газ, андан кийин гана электр энергиясы болуш керек. Ушундай туура саясат жүргүзүү керек. Эгер чөнтөгү калың болуп, чыдайм десе, анда электр энергиясын жаксын, бирок ал көбүрөөк төлөш керек. Газ боюнча чоң долбоорлор бар. Бул долбоорлорго ылайык, 2 жыл ичинде өлкөнүн калкынын 70 пайызы жаратылыш газы менен камсыздалмакчы",- деп билдирди Сариев.