Президент Чүй жана Ысык-Ата райондук сотторунун 5 судьясын кызматка дайындады

Сотторду тандоо кеңеши Чүй жана Ысык-Ата райондорунун судьялыгына дайындоо үчүн 10 талапкердин тизмесин президент Алмазбек Атамбаевге киргизген. 28-декабрда мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен баарлашып, жыйынтыгында 5 талапкерди дайындоо боюнча кеңештин сунушуна макулдук берди. Калган 5 талапкер боюнча материалдарды артка кайтарды.

Президенттин биринчи буйругу менен төмөнкүлөр судьялык кызматка дайындалышты:

Мирад Динеев - Чүй райондук сотунун судьялыгына;

Жылдыз Кемелова - Чүй райондук сотунун судьялыгына;

Кангелди Ибраимкулов - Ысык-Ата райондук сотунун судьялыгына;

Марат Канульков - Ысык-Ата райондук сотунун судьялыгына;

Майрам Оморова - Ысык-Ата райондук сотунун судьялыгына.

Буйрук 11-январда күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан