Темир Сариев "Токтогул ГЭСинде иштен чыккан кабелдер 2 айда алмаштырылат" деди

Токтогул ГЭСинде 2015-жылдын 28-декабрында жарактан чыккан кабелдер 2 айда алмаштырылат. Муну премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 5-январда радио аркылуу угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Учурда жарактан чыккан жабдыктарды оңдоо боюнча иш күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат. Ага чейин электр энергиясына чектөөлөр болбойт. Учурда тийиштүү резервдер бар. Эгер керек болсо сырттан электр энергиясын импортоонун жолдорун карайбыз, бирок калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылабыз",- деди Сариев.

Премьер-министр Токтогул ГЭСиндеги №2-трансформатордун жарактан чыккан жабдыгын алмаштырууга 15-январга чейин убакыт берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан