Чиновниктер жыйынга даярдыгы жок келишкени үчүн депутаттардын сынына кабылышты

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул документ айыл аймактарына кирбеген жерлерде кен иштетүүгө берилген лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөмдөрдү республикалык бюджетке түшүрүүгө багытталган.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, тиешелүү мыйзамга ылайык, кен иштетүүгө берилген лицензияларды кармагандыгы үчүн салыктык эмес төлөмдөр төлөнүп, алар жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал эми долбоор аркылуу айыл аймактарына кирбеген жерлерде кен иштетүү боюнча берилген лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке түшүүсү шартталат.

Талкуу маалында талаш-тартыштуу маселелерди четтетүү максатында айыл өкмөттөрүнүн жайыт жерлерин так аныктоо, жайыт жерлерин инвентаризациялоо менен алардын картасын түзүү маселелери көтөрүлүп, суроолор берилди.

Бир катар депутаттар талкууда берилген суроолор мыйзам долбоору комитеттин талкуусунда да көтөрүлгөнүн билдирип, тиешелүү жооп ала албай жаткандыктарын белгилешти. Баяндамачылар дагы айыл аймактарына кирбеген жерлерде кен иштетүүгө лицензия алынып, бирок аларды кармаган учурлар боюнча конкреттүү мисалдарды айта алышкан жок.

Жыйынтыгында суроолорго тиешелүү деңгээлде жооптор кайтарылбагандыктан, мыйзам долбоорун кароо кийинкиге жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан