Депутаттар Улуттук гвардиянын кол башчысын мамлекеттик сырды ачууга мажбурлашты

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Анын жүрүшүндө депутаттар Улуттук гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиевге ал жетектеген мекемеде жана Мамлекеттик чек ара кызматында канча аскер кызмат өтөгөнүн сурашты. Сатыбалдиев "бул маалымат жашыруун болуп эсептелинет" десе да депутаттар бул жоопко канааттанышкан жок. Ошондо ал Улуттук гвардиянын курамы болжол менен 3 миң адамдан, Чек ара кызматынын курамы болжол менен 6 миң адамдан турарын билдирди. Андан соң депутаттар "Сиз айткан маалымат мамлекеттик сыр экенин билесизби?" деп сынга алышты. Улуттук гвардиянын кол башчысы "мен сандарды болжолдоп айттым. 6 миң эмес, 7 же 8 миң адам болушу мүмкүн" дей баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан