Кыргыз өлкөсүнүн калкынын колунда 7 миңден ашуун травматикалык курал бар

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеште өлкөнүн аймагында травматикалык куралдарды колдонууну ыраатка салуу максатында иштелип чыккан “Куралдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун маалыматына караганда, ушу тапта калктын колунда 7618 даана травматикалык курал бар. "Травматикалык курал оор жаракат келтирет. Мисалы, ушул жылдын башында эле травматикалык курал колдонуу менен жасалган 15 кылмыш катталды. Ошондон улам сунуш кылынган мыйзам долбоору жарандар травматикалык куралдарды сатып алгандан кийин аны колдонууну көзөмөлдөөгө, анын ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө өбөлгө түзөт",- деди Асанов.

Анын айтымында, куралдын бул түрүн мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. “Травматикалык куралды аттыруу ишин жүргүзүү зарылчылыгы келип жетти, ал эми окуя болгон жерден табылган гильзаны травматикалык куралга идентификациялоо үчүн ИИМдин ок гильзотекасына киргизүү зарыл”,- деп түшүндүрдү ал.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан