Орусиянын федералдык телеканалдарына Кыргыз Республикасында өзгөчө статус бергени жатышат

Орусиянын федералдык телеканалдарына мамлекетибизде өзгөчө статус бергени жатышат. Мындай пункт Кыргыз Республикасы менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Массалык коммуникациялар кызматташтык жөнүндө" макулдашуунун долбоорунда каралган. Бул документти 5-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун талкуусуна койду. Долбоордун автору - орусиялык тарап.

Сунушталып жаткан документке ылайык, тараптар "Биринчи канал. Бүткүл дүйнөлүк түйүн" жана "РТР Планета" телеканалдарынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында кошумча шарттарды түзүшөт. Аталган телеканалдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө карата чет элдик маалымат каражаттары, орус тили жана орусиялык контентти колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөр колдонулбайт. Муну менен бирге аталган телеканалдардын коммерциялык ишмердүүлүгү кыргыз өнөктөштөрүн тартуу шарты менен жүргүзүлөт.

Маалым катта дүйнө боюнча миллиондук аудитория үчүн орус тилиндеги масштабдуу жана авторитеттүү телеканалдар болгондуктан ушундай чаралар көрүлөрү түшүндүрүлгөн.

"Кыргыз телеканалдарынын контент жагынан орусиялык каналдарга атаандашуусу кыйын. Аталган телеканалдар жылына 3 миллиард доллардай каражат сарпташат. Башка көптөгөн өлкөлөрдө бул телеканалдарды көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн тургундар акча төлөшөт. Кыргыз Республикасынын тургундары аларды бекер көрүүнү улантышууда. Андан тышкары кыргыз телекөрүүчүлөрүнүн көбү орусиялык телерадиокомпаниялардын берүүлөрүн көрүп-угууну каалашат. Бул фактылар эки өлкөнүн массалык коммуникациялар тармагында кызматташуу зарылдыгын билдирет",- дешкен демилгечилер орусиялык каналдарга кызыгуу кыргыз өлкөсүнүн Бажы союзуна кириши менен күчөгөнүн белгилешет.

Орусиялык каналдарга артыкчылык берүү эки өлкөнүн достугун бекемдей турганы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан