"Миң-Куш айылынын тургундарын Чаек айылына толук көчүрүү үчүн 2 жыл керектелет" дейт премьер-министр

Бүгүн, 6-январда премьер-министр Темир Сариев Миң-Куш айылындагы уулуу заттар сакталуучу жайды барып көрүп, жергиликтүү калк менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө премьер-министр өкмөт башчы "Миң-Куш айылынын тургундарын көчүрүү маселесин чечүү зарыл" деген талабын айтты.

"Учурда радиация күчү 120 микрорентгенден ашкан аймактан 147 үй-бүлөнү көчүрүү зарыл. Бул маселени чечүүгө комплекстүү мамиле кылуу керек. Учурда адамдар жашап жаткан үйлөрдө жогорку радиация орун алган, ошондуктан ал жерде жашоого мүмкүн эмес. Пландаштырылгандай, калкты Чаек айылына көчүрүү үчүн 2 жыл керектелет, андан соң Миң-Куш айылындагы эски үйлөр түрттүрүлөт. Мамлекет тараптан бөлүнгөн акча каражатына үй куруу мүмкүн эмес, ошондуктан көп кабаттуу турак жай куруу жагын карап чыгууга болот. Жакынкы аралыкта Чаек айылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун эсебинен транзиттик аймакка айланат. Калкты көчүрүү маселеси менен катар уулуу заттар сакталуучу жайды утилизациялоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Ошол эле учурда Миң-Куш айылындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо көйгөйүн чечүүбүз керек",- деп белгиледи Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан