Оң рулдуу унаалардын жүк жана жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну 2018-жылга чейин киргизбөө сунушу кайрадан көтөрүлдү

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорун талкууга ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов алып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо маселеси толук жөнгө салынбаган абалда турат. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте мажбурлап эвакуациялоону ишке ашыруунун так механизмдери жок болгондуктан, Администрациялык кодексте айрым бир мыйзамдык өксүктөр - транспорт каражаттарын эвакуациялоо процедурасын жөнгө салуучу мыйзамдык актылардын бекитилбегендиги болуп жатат. Мындай кемчиликтерди жоюу максатында Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске “транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо” деген жаңы берене киргизилип жатат. Ошону менен катар транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун тартибин өкмөт аныктоого тийиштиги жөнүндө тактаган толуктоо киргизилүүдө.

Талкууда эл өкүлдөрү тарабынан буга чейин жүргүзүлүп келген мажбурлап эвакуациялоо менен мыйзам бузгандыгы үчүн бир айып пул, андан сырткары эвакуаторлорго дагы төлөп, эки ирет айып пул төлөгөндөй жагдай түзүлүп келгендиги айтылды. Асановдун айтымында, бул ишти азыр прокуратура органдары териштирип жатышат. Ошондой эле аткаруу бийлигине мыйзам кабыл алынып, күчүнө киргенден тартып дароо эле айдоочуларга айып пул төлөтүүдөн мурун мыйзамдын негизги маңызы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды. Ошону менен катар кайсы жерге унааларды токтотууга болбостугу боюнча жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташып, так аныктоо маселеси да коюлду.

Мыйзам долбоорундагы дагы бир жагдай – 2013-жылы кабыл алынган “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдын талаптары - 2016-жылдын 1-январынан баштап рулу оң жактагы автомобилдерди коммерциялык ташуулар үчүн пайдаланууга тыюу салууну ишке ашыруу маселеси боюнча кайчы пикирлер айтылды. Бир катар депутаттар учурда өлкөдө өтө көп сандаган оң рулдуу автоунаалар бар экенин, мындай унаа ээлери бүгүнкү күндө бир топ тейлөө кызматтарын аткарып жаткандыгын негиздеп, 2018-жылга чейин аларга уруксат берүү максатка ылайык деген пикирлерин ортого салышты. Оң рулдуу унаалардын кесепетинен көптөгөн жарандар өмүрү менен кош айтышып, канчалары майып болгондугу эске салынды. Талкууда депутат Мирлан Бакиров мыйзам кабыл алынса бир катар эл ташуучулар көмүскө жагдайда иштээрин айтып, мыйзам долбоорун кабыл алуу эрте экенин, 2020-жылга чейин жылдырууну сунуш кылды. Депутат Иса Өмүркулов дагы мындай көз карашты улай эл ташууда оң рулдуу автоунааларды колдонууга тыюу салуу социалдык чыңалууга алып келерин белгиледи.

Мыйзам долбоорундагы дагы бир түзөтүү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудан түшкөн каражаттарды республикалык бюджетке чегерүү маселеси болду. Башкача айтканда, жол эрежесин бузгандыгы үчүн алынган айып пулдардын 25 пайызын Жол-кайгуул кызматына калтыруу боюнча ченем өзгөрүүдө. Бир катар депутаттар кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында бул долбоорду тездетип ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан