Катар менен Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну сүйлөшүштү

КРнын Катар мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Ниязалиев аталган өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Мохаммед Салех аль-Сад менен жолугушту. Бул тууралуу 6-январда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы-Катар мамилесинин перспективаларын, Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын декабрь айында Катарга жасаган иш сапарынын жыйынтыктарын талкууга алышты. Мындан сырткары энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу каралды. Жыйынтыгында тараптар биргелешип тыгыз кызматташууну сүйлөшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан