Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков чиновниктердин кирешелерин декларациялоону талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директору Сооронбай Жээнбековду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга аталган мекеменин учурдагы иши, мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системин өркүндөтүү пландары тууралуу маалымат берилди.

Жээнбеков өлкөбүздө кезектеги декларациялык өнөктүк башталганы, анын жыйынтыгы боюнча биринчи жолу мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери гана эмес, чыгашалары тууралуу дагы маалыматтар чогултуларын айтып берди.

Өлкө жетекчиси мамлекеттик функцияларды жана калкка сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү так ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын билдиргенин кабарлашты бүгүн, 7-январда президенттик аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан