Экономика министрлигинде 6-январда ЕАЭБдин алкагында энергетика, транспорт жана инфраструктура маселелери талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга министрдин орун басары Кылычбек Жакыпов, өкмөт аппаратынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Анда энергетика, транспорт, инфраструктура көйгөйлөрү, биримдиктин алкагында ар тараптуу кызматташтыктын критерийлери, 2016-2025-жылдарга карата жалпы энергетика, газ, мунайзат, транспорттук кызматтардын рыногун түзүү каралды. Ошондой эле атаандаштыкка туруштук берчү рыноктун жоктугу, энергоресурстарды ташуу системинде бирдиктүү эреженин жоктугу белгиленди.