Нарын облустук юстиция башкармалыгы 6-январда коллегиялык жыйында 2015-жылкы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, жыйында министрлик тарабынан чыгарылган буйруктардын жана токтомдордун аткарылышы талкууланып, жарандарга акысыз юридикалык жардам берүү, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоого алуу, жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү укуктук-нормативдик актылардын мамлекеттик реестри багытында жасалчу иштер аталды.
Жыйынтыгында бардык багыттарда ишти күчөтүү боюнча башкармалык кызматкерлерине тапшырмалар берилгени айтылат маалыматта.