Өлкөдө 12 миңдей салык төлөөчү отчёттуулуктун электрондук формасын пайдаланып жатканы айтылды

Кыргыз мамлекетинде учурда 12 000 салык төлөөчү салык отчётторун электрондук формада берүү кызматынан пайдаланышат. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, электрондук маалымат алмашуунун артыкчылыгын жарандарга түшүндүрүү иштери уланууда.
"Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын бланктарын даярдоо буюртмасы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга ылайык түзүлгөн келишим боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Салык кызматы бланктарды даярдоодо жогоруда аталган мыйзамга таянат. Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын формасы, аны берүү тартиби, түзүмү, колдонулушу, каттоого киргизилиши, сакталышы жана жараксыздыгы өкмөт тарабынан аныкталат",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жакында парламент депутаты Дастан Бекешев Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларын иштеп чыгып, электрондук отчёт тармагында кызмат көрсөткөн ортомчу фирмалардан баш тартышы керектигин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан