Түркия 89 өлкө, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен визасыз режимди ушул жылдын июнь айында жокко чыгарат. Бул тууралуу түркиялык басылмалар өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, ТИМ визасыз режимди жокко чыгарууну Европа биримдигинин талабы деп түшүндүрүүдө. "Ушул жылы жайында Түркия Европа биримдигинин визасыз режимине ээ болот. Европа биримдиги менен визасыз режими бар Грузия, Молдова жана Украина өлкөлөрүнө бул чечим колдонулбашы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.