Эл өкүлдөрү менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты бекемдөө максатында “Парламент-такси” долбоору иштей баштады. Бул тууралуу 9-январда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алгачкылардан болуп депутат Узарбек Жылкыбаев таксини өзү айдап, Баткендин Лейлек аймагынан келген эки чоң энени Пригородная дачасындагы кызынын үйүнө жеткирип койду. Алтымыштан ашып калган энелер жол бою депутатка көптөгөн тапшырмаларды беришти.