Украина Орусиядан жаратылыш газын сатып алуудагы Москва сунуштаган баага (212 доллар) макул эмес. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюктун билдиришинче, газды Европадан сатып алуу арзан түшмөкчү. "Орусиядан газ сатып албайбыз, анткени Европадан сатып алуу орусиялык тарап сунуштаган баадан кыйла арзаныраак. Евросоюздан сатып алынчу газдын орточо баасы 200 доллар",- деп билдирди Яценюк жергиликтүү маалымат булактарынын бирине.
Украинанын өкмөт башчысы өлкөнүн жер алдындагы газ сактоочу жайларында 13 миллиард метр куб газ бардыгын, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллиардга көп экенин кошумчалады.