Экономика министрлиги: Евразиялык экономикалык биримдиктин курамында Кыргыз Республикасынын укугу башкалардыкы менен бирдей

Евразиялык экономикалык комиссиянын курамында Кыргыз Республикасынын укугу башка өлкөлөрдүкү менен бирдей. Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыповдун билдиришинче, аталган комиссияга башкалардай эле кыргыз тараптан эки министр сунушталган.

Өлкөнүн ЕЭКтеги мүчөсү Данил Ибраев бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдиктеги негизги тоскоолдуктар жана көйгөйлөрдү, аларды тезинен чечүү жолдорун атады. Анын айтымында, ЕАЭБдин башкы көйгөйлөрү: атаандаш рыноктун жокутугу, энергетикалык ресурстарды ташып жеткирүү системине кирүүгө бирдиктүү эреженин жоктугу.

Белгилей кетсек, Экономика министрлигинде өткөн аптада ЕАЭБдеги энергетика, транспорт жана инфраструктура маселеси талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан