Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык сотунда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган ЖКнын мурунку депутаты Ахматбек Келдибековдун иши боюнча экинчи инстанциядагы сот отуруму өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган соттон билдиришти.
Эске салсак, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.