Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Жоомарт Сапарбаев өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууда. Маалыматты SUPER.KG`ге фракциядан тастыкташты. Депутаттын арыз жазганы, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күтүп жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, "Ата Мекен" партиясы парламенттик шайлоодо 11 мандатка ээ болгон. Партиянын тизмеси боюнча Сапарбаевдин ордуна Абдимуктар Маматов келмекчи.