Түркиянын кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги: "Түркия Кыргыз Республикасы менен визасыз режимди жокко чыгарбайт"

Түркиянын кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги ММКларда тараган "Түркия 89 өлкө менен визасыз режимди жокко чыгарат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Азыркы маалда Европа биримдиги менен түркиялык жарандарга Шенген визасыз режимин киргизүү тууралуу дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түркия аталган биримдикке киргенде гана анын талаптарына ылайык, үчүнчү өлкөлөр менен виза режимин киргизүүгө милдеттүү. Бул жагдайды эске алганда, ушул жылдын 1-июнунан баштап Түркия Европа биримдиги менен виза режиминде болгон өлкөлөргө визасыз режимди жокко чыгарат деген маалымат чындыкка дал келбейт",- деп билдирди элчилик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан