Ахматбек Келдибековдун сотунда судья сүрөт жана видео тартууга тыюу салды

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча сот башталды. Судья соттук жыйында сүрөт жана видео тартууга тыюу салды. Соттун кызматкерлери видеокамерага тартып жаткан операторлорду сыртка чыгарышты.

Эске салсак, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан