Ахматбек Келдибековдун соту чыр менен башталды

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун соту өтүп жатат. Жыйын судьялар менен Келдибековдун тарапташтарынын ортосундагы чыр менен башталды.

Судьялардын бири мурунку депутат Курманбек Осмоновдун Келдибековдун коомдук жактоочусу болууга укугу жок экенин айтты. Мындай чечимин судья "анын керектүү документи жок" деп түшүндүрдү. Буга Осмонов нааразы болду. "Мен бардык инстанцияларда Келдибековдун коомдук жактоочусу болуп, анын кызыкчылыктарын коргоп келгем. Сиз жакшы эмес чечимди чыгарып жатасыз. Өзүм билемдик менен чыгарылган соттук чечимдерге каршымын",- деп кайрылды судьяга Осмонов. Келдибековдун башка коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров да ага кошулду, бирок судья чечимин өзгөрткөн жок. Мындан улам Осмонов жыйындын катышуучуларынын катарына барып отурду.

Ал эми А.Бекназаров судьялардан жыйындарга кыргыз-орус тилинен котормочунун катышуусун суранды. Судьялар анын суранычын канааттандырышты.

Эске салсак, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан