БШК: Жоомарт Сапарбаевдин мандатын кайтарып алуу маселеси каралат

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-январдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу маселесин карайт. БШКдан кабарлагандай, жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдорду бекитүү жана башка маселелер да каралмакчы.

Эскерте кетсек, депутат Сапарбаевдин өз каалоосу менен мандатын тапшырып берери бүгүн белгилүү болгон. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча Абдимуктар Маматовдун келери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан