Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Жоомарт Сапарбаев өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырууда. Анын себебин депутат бизнес багытын камтыган бир топ долбоорлорду ишке ашыруу керектиги менен түшүндүргөнүн "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы билдирди.
"Жоомарт Сапарбаев 2 жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, маянасы 30 000 (отуз миң) сомдон ашыгыраак экенин айтып, бул каражат анын жашоо-тиричилигин канааттандырбагандыктан бизнес кылуу чечимин кабыл алганын билдирди. Сапарбаев мындан ары бизнес менен алектенсе да, партиялык жумуштарын уланта берерин, ал гана эмес, кийинки шайлоолорго катышуу ниети бар экенин кошумчалады",- деп айтылат маалыматта.