"Прокуратура мени бүт дүйнөгө уят кылды" дейт Ахматбек Келдибеков

"Прокуратура мени бүт дүйнөгө уят кылды",- деди бүгүн, 11-январда соттун отурумунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, айыпталуучу Ахматбек Келдибеков.

"Прокуратурада эч ким менин мамлекеттен бир тыйын уурдаганымды далилдей алган жок, бирок айрым басылмалар мени "миллиондогон акчаларды уурдады" деп элге жалган маалымат таратышууда. 100 жылдан кийин урпактарым менин ууру эмес экенимди билиши керек. Элге да туура маалымат бериш керек. Ошондуктан соттук жыйындарда менин жеке операторума видеожазууну жүргүзүүгө уруксат берүүнү суранам",- деп кайрылды судьяларга Келдибеков.

Жыйынды өткөрүп жаткан үч судья кеңешип, Келдибековдун жеке операторуна гана видео тартууга уруксат беришти.

Эске салсак, 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан