"Кара-Кече" кенин иштетүү боюнча сынак жакын арада жарыяланат

Кара-Кечедеги кенди өздөштүрүү боюнча сынак өткөрүүдө экономикалык кызыкчылыктарга жана экологиялык коопсуздукка басым жасалат. Муну вице-премьер-министр Олег Панкратов 11-январда аталган маселе талкууланган өкмөт жыйынында билдирди. “Кара-Кечедеги кенди комплекстүү өздөштүрүү – өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга багытталган абдан ири жана маанилүү долбоор. Муну эске алуу менен бардык мамлекеттик органдар жакында башталганы жаткан долбоорго максималдуу түрдө жоопкерчилик менен мамиле жасоого тийиш”,- деп билдирди Панкратов.

Аталган кенди иштетүүгө байланыштуу сынактык документтер топтому даярдалып бүткөнү маалымдалды. “Жакында юридикалык процедуралар аяктагандан кийин инвестициялык сынактын документтери өкмөттүн кароосуна киргизилет. Сынак өткөрүүдө аймактын тургундарын социалдык колдоо маселесине да олуттуу көңүл бурулат”,- деди вице-премьер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан