Өкмөт 2015-жылы 186 мыйзам долбоорун демилгеледи

2015-жылдын 1-январынан 29-декабрына чейин өкмөт тарабынан 186 мыйзам долбоору демилгеленип, анын 80и кабыл алынды. Бул тууралуу 11-январда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы иштей баштагандан бери: 2015-жылдын 11-ноябрынан 29-декабрына чейин 13 мыйзам долбоору кабыл алынганы айтылды. “Учурда 127 мыйзам долбоору парламенттин кароосунда. Мунун 12си ратификациялык долбоорлор, 22си базалык мыйзам долбоорлору, 92си учурда иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү. 2015-жылы Жогорку Кеңештен өкмөткө 38 токтом, фракциялардан 197, комитеттерден 715, депутаттардан 1061 суроо-талап түшүп, көзөмөлгө алынды”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан