Өкмөт “Жеткиликтүү турак жай-2015-2020” программасына катышуучуларды тандоо критерийлерин жарыялады. Бекитилген убактылуу жобонун шарттарында программага кимдер катыша алары камтылган. Мисалы, программага кошулуучу адам Кыргыз Республикасынын жараны, жаш курагы 21 жаштан 65 жашка чейин болушу шарт (насыяны төлөп бүтүү мезгилинде). Бюджеттик мекемелердин кызматкери болуп, учурдагы кызмат ордундагы эмгек тажрыйбасы бир жылдан кем эмес, жалпы эмгек тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болушу керектиги айтылды. Ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөргө, жакындары кызматтык милдетин аткаруу учурунда, аскердик кызмат өтөө маалында, адам өмүрүн сактоодо, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө каза болгон үй-бүлөлөргө артыкчылык каралышы мүмкүн.