Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин 11-январдагы жыйынында “Биологиялык коопсуздук” боюнча мыйзам долбоору каралды.
Комитетте аталган долбоор менен бирге "Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтыган азыктарды өстүрүү, өндүрүү, алып кирүү жана сатууну тыюу жөнүндө", "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" мыйзамдарга өлкө президентинин каршы пикири талкууланды.
Президенттин каршы пикирлери боюнча маалымат берген мамлекет башчынын Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, талкуудагы мыйзам долбоорунун зарылчылыгы жок болуп калды. Аталган мыйзам долбоорунда камтылган жол-жоболорду толук камтыган кеңейтилген варианттагы “Биологиялык коопсуздук жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору даярдалууда. Тармактык комитеттин мүчөлөрү президенттин каршы пикирине макулдук берүү чечимине келишти.