Кыргыз мамлекетинде автоунаага май куюучу жайларга (АЗС) көзөмөлдү күчөтүү аракети жүрүүдө. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 11-январда Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун карап, жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен долбоорду комитеттин кийинки отурумуна киргизүү чечимин кабыл алышты.
Депутат Руслан Казакбаев менен Улан Пиримов май куюучу жайларга элдин нааразычылыгы көп экенин айтышып, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин сапаты АИ-85 үлгүсүндөгү бензиндин сапаты менен бирдей чыккан жана белгилүү өлчөмдөн аз куюп койгон учурлар кездешерин билдиришти. Ушул маселелер каралып жаткан мыйзамга камтылбай калганын да айтышты.
Депутаттар дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы арзандап, Казакстанда мунайдын баасы кыргыз мамлекетине салыштырмалуу бир топ арзан экенин айтышып, Экономика министрлигине атайын сунуш беришти.