Жогорку Кеңеште оппозициялык депутат комитеттин төрайымын кечирим сураттырды

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө «Бир бол» оппозициялык фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев аталган комитеттин төрайымы Галина Скрипкинанын сөзүнөн кыйкым издеди. «Сиз бул мыйзам долбоорун биринчи окууда парламенттин буга чейинки чакырылышынын депутаттары кабыл алышканын айттыңыз. Датасын карап көрсөңүз, бул долбоорду биринчи окууда азыркы чакырылыштын депутаттары колдошкон»,- деди Абдылдаев.

Г.Скрипкина аталган мыйзам долбоору 2015-жылдын 31-декабрында биринчи окууда кабыл алынганын көрүп, Абдылдаевдин туура сын айтканын аныктап, андан жана комитет мүчөлөрүнөн кечирим сурады.

«Балким, сизге «катуу иште» деген тапшырма берилгендир. Мындай көрүнүш жаман аяктайт. Сиз кечирим сурашыңыз керек»,- деп канааттанган жок Абдылдаев. Буга Скрипкина: «Бул жерде эч кандай коркутуулар жок. Мен азыр эле кечирим сурадым»,- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан