Быйыл 1-февралдан тарта турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке киргизилет

Кыргыз мамлекетинде 2016-жылдын 1-февралында турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке киргизилет. Муну премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 12-январда маалымдады.

“Эгерде турак жайы камсыздандырылбаган болсо, анда жаратылыш кырсыгынан же өрттөн жабыркаган турак жайлар үчүн мамлекет тараптан каражат берилбейт. Айыл жергесиндегилер турак жайды камсыздандырууга айына 50 сомдон, ал эми жылына 600 сомдон төлөшөт. Эгерде турак жай кандайдыр бир себептер менен жабыркаган болсо, мамлекет тараптан 500 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет”,- деп билдирди премьер.

Өкмөт башчы шаарда үйлөрдүн баасы жогору болгондуктан, камсыздандыруу акысы да жогору эсептелерин айтты. “Республикада турак жайлар көбүнчө айыл жергесинде жабыркайт, калктын 50-60 пайызы айыл жергесинде турат. Турак жайлар талкаланган учурда мамлекет 200 миң сом каражат берүүдө, бирок бул сумма үйдү толугу менен калыбына келтирүүгө жетпейт. Ошол эле учурда берилген каражатты кайрадан кайтарып берүүгө туура келет. Ошол себептүү милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам кабыл алынды”,- дейт Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан