Борбордук шайлоо комиссиясы Жыргалбек Саматовго кайрадан депутаттык мандат берди. Муну бүгүн, 12-январда SUPER.KG`ге БШКдан билдиришти.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 27-октябрында "Орусиянын жарандыгын алган" деген жүйө менен Саматовду БШК талапкерлердин тизмесинен чыгарган. Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 5-ноябрда Жыргалбек Саматовго мандат бербөө боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. БШК мандат берүүнү кечиктирип жатканда Саматов Жогорку Соттун чечими аткарылбай жатканын айтып Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирген эле.
Саматов декабрдын башында мандат алып, парламентте ант берер алдында БШК мандатты кайра кайтарып алган. Муну комиссия мүчөлөрү: "Орусиянын жараны эместиги тууралуу Саматовдун бизге алып келген каты жасалма болуп чыкты. Ушунун негизинде анын мандатын кайтарып алдык",- деп билдиришкен.
Биринчи Май райондук соту 24-декабрда Саматовду мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Башкача айтканда, райондук сот "Саматов Орусиянын жараны эмес" деп чечим чыгарган. Ошентип, ага кайрадан мандат берилди.
Саматов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат.