2016-жылдын январында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 6 миллиард 9 миллион 300 миң сом болмокчу. Каржы министрлигине таянсак, ресурстардын негизги бөлүгү: 5 миллиард 6 миллион 700 миң сом кирешелердин эсебинен (салыктык кирешелер – 4 миллиард 791 миллион 700 миң сом, салыктык эмес кирешелер – 215 миллион сом) камсыздалат. Каржылык активдердин эсебинен 1 миллиард 2 миллион 600 миң сом түшөрү күтүлүүдө.
"2016-жылдын январында республикалык бюджеттин чыгымы 7 миллиард 317 миллион 900 миң сомду түзөт. Анын ичинде корголгон беренелерге 6 миллиард 27 миллион 700 миң сом, корголбогон беренелерге 121 миллион 300 миң сом жумшоо пландалууда. Каржылык активдерди сатып алууга 300 миллион сом, милдеттенмелерди жабууга 808 миллион сом каражат каралууда",- деп билдирет мекеме.