Кыргыз мамлекети Кытай менен үч багытта кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 12-январда Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюй менен жолугушууда билдирди.
"Менин Кытайга жасаган иш сапарымда орун алган маанилүү сүйлөшүүлөрдө кызматташуунун үч багыты белгиленди. Кыргыз Республикасы - Кытай темир жолун куруу долбоору боюнча кытай тарап темир жолдун “кууш стандартын” сунуштоодо. Экинчи багыт катары Ысык-Көлдүн айланма жолун курууга кытай капиталынын катышуусу саналат жана үчүнчүсү – КЭРдин ашыкча өндүрүштүк кубатттуулугун кыргыз жерине ташуу”,- деп белгиледи премьер-министр.
Элчи кытай тарап пландарды ишке ашыруу үчүн бардык аракетти жумшай турганын айтып: "Мен бүгүн Кытайдын премьер-министрине бүгүнкү орун алган сүйлөшүүлөр тууралуу маалымдайм. Кытай кыргыз тарап сунуштап жаткан долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар",- деп билдирди.