Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-январда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Стамбул шаарынын борбордук аянтындагы жардырууга байланыштуу көңүл айтты.
"Кыргыз Республикасынын калкы бул коркунучтуу окуяда боордош Түркия эли менен бирге кайгырууда. Муну менен бирге мындай адамгерчиликсиз терактты кескин айыптайт",- деп билдирген өлкө жетекчиси кырсыктан каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалаарын билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн Стамбул шаарындагы Султанахмет аянтында трамвай токтой турган жерде жардыруу болду. Анда 10го жакын адам каза таап, 15 адам жаракат алды.