Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 12-январдагы жыйынында депутаттар тобу тарабынан сунушталган фискалдык саясат концепциясын иштеп чыгуу демилгеси колдоо тапты.
Фискалдык саясаттын жаңы концепциясы каржы каатчылыгы маалында республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн эсебинен көбөйтүүгө түрткү берүүгө тийиш экени айтылды. Бул демилге бардык мамлекеттик органдар менен мекемелердин кароосуна жөнөтүлүп, келип түшкөн сунуштардын алгылыктуулары иргелип алынмакчы.
Фискалдык саясаттын концепциясын иштеп чыгуу боюнча депутаттык жумушчу топтун жетекчилигине депутат Акылбек Жапаров дайындалды.