Асылбек Жээнбеков: “Рыспай Абдыкадыровдун артында таберик калтырган көөнөргүс мурасы унутулбайт”

Бишкекте 12-январда обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков да катышып, куттуктоосун айтты.

“Салттуу кыргыз музыкасынын жаңы барагын, кыргыз обон дүйнөсүнүн гүлдөгөн доорун ачкан көп кырдуу талант Рыспай Абдыкадыровдун чыгармалары ар бир кыргыздын жүрөгүнүн тереңинен орун алган. Жазуучунун деңгээли кара сөз менен ченелсе, акындын даремети куюлуштура жазган ыр саптарынан билинет. Ал эми музыкада сөз болбойт, тил болбойт, аны түшүнүү үчүн котормочунун зарылдыгы жок.

Чыныгы обончунун чыгармасына кулак төшөгөн ар бир адам аны өзү жараткандай кабылдаса, обончунун обончулук касиети, жеткен чеги ошол. Рыспай Абдыкадыров мына ошондой Кудай берген улуу касиеттин ээси.

Эң өкүнүчтүүсү, улуу обончу арабыздан эрте кетти. Бул тубаса жана көп кырдуу таланттын бергенинен бере элеги көп эле. Рыспай Абдыкадыров улуу устат катары көзү тирүү кезинде эле өзүнүн чыгармачылык мектебин түптөп, бүтүндөй бир муунду тарбиялап өстүргөн. Рыспай Рыспай болуп, даңкы таш жарып чыкканда, аны менен кошо ичинде мурдатан мукам кайрыктар муунтуп чыга албай жүргөн ышкыбоздор жайнап чыга келишти.

Алардын кээ бирлери өз жолун шыдыр таап кете албай, Рыспайдын дүбүртүнүн далдаасында кала беришсе, өз чыйырын салып кеткендер да көп болду. Эми ошолордун алды маданиятка кыйла салым кошуп, "Эл артисти" наамына жетишкен чыгаан инсандар. Алардын дээрлик баары элдик салттуу ырлардан классикалык үлгүгө көпүрө салган жаңычыл жөрөлгөсү менен ыр дүйнөсүндө өзүнчө өнүгүү жолу бар музыкалык катмар болуп калды. Рыспай агабыздын айрым шакирттери азыркыга чейин улуттук өнөр дүйнөсүн толуктап келет”,- деди спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан