Кыргыз мамлекетиндеги 6 миллион калктын 6,5 миңи ВИЧ, СПИД жуктуруп алгандар

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин депутаттары Садык Шер-Нияз, Лунара Мамытова, Наталья Никитенколор 12-январда Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик тематикалык тобунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда гендердик саясат талкууланып, адам сатууга каршы күрөшүү, үй-бүлөлүк зомбулуктарга каршы туруу чаралары, ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча маселелер боюнча зарыл болгон мыйзамдарга толуктоолорду сунуштаган парламенттик угууларды өткөрүү демилгеленди.

“Айрыкча ВИЧ-СПИД илдетине кабылгандардын дүйнөлүк көрсөткүчтөрүндө белгиленгендей, бул жааттагы динамикалык өсүш алып жаткан көйгөйлүү жагдай мамлекетибизде да болуп жатканы тынчсыздандырат. Өлкөдө 6 миллион калк болсо, анын 6,5 миңи аталган дартка чалдыккан деп расмий түрдө каттоого алынган”,- деди ВИЧ-СПИД боюнча агенттиктин өкүлү Мээрим Сарыбаева.

Жыйында адам сатууга каршы күрөшүүгө бюджеттен каражат каралбай келгендиги да кемчилик катары белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан