Бишкекте баалуу металлдар жаатындагы документтер коомдук угууда талкууланат

Бишкекте 15-январда өкмөттүн "Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жөнгө салуу системин өзгөртүп түзүү маселелери жөнүндө", "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар жаатындагы айрым маселелер жөнүндө" токтомдорунун долбоорлору боюнча коомдук угуу өтөт. Каржы министрлигинен билдиришкендей, жыйында "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзам долбоору да талкууга коюлат.

Эскерте кетсек, V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш былтыр 6-майда "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алып, президент кол койгон. Мыйзамдын максаты - 1998-жылдын 14-майындагы №61-“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин баалуу металлдар жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдик-укуктук негиздерине ылайык келтирүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан